БИШКЕК. Жаратылыш газына баа канчага көтөрүлөөрү тууралуу Өзбекстан октябрь айында расмий жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн «Кыргызгаз» ишканасынын башкы директору Игорь Чудинов билдирди. Учурда «Узтрансгаз» ишканасынан «Кыргызгаз» алып жаткан 750 млн. куб метр газдын ар бир миң кубу үчүн 55 доллар төлөнүүдө. Чудиновдун айтымында, төлөмдөр ай сайын алдын ала жүргүзүлүп турат. Кыргыз тарап газ пайдалануучулардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу Өзбекстандан келерки жылы 900 млн. куб газ сатып алууну көздөп жатат.