БИШКЕК. Бул тууралуу кечээ каржы министри Акылбек Жапаров билдирди. Министрдин айтымында, бул маселе боюнча эки тараптуу макулдашууга 15 ай мурда кол койулган. Бирок Иран тарап Майлысуу электрлампа заводунун продукциясы Ирандын талаптарына жооп бербейт дешип, маселе создугуп кеткен. Учурда кыргыз тарап ирандык адистердин сунуштарын эске алуу менен инвестициялык долбоорду ишке ашырууга даяр.