Европа коопсуздук кызматташтык уюму “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Түркмөнстандагы журналистинин курал- жарак алып жүргөн деп 6 жылга кесилишин сындап чыкты. ЕККУнун билдирүүсүндө Огулсапар Мурадова жана аны менен бирге соттолгон эки укук коргоочунун иши боюнча маалыматтын тартыштыгы айтылган. 25- августтагы бул сот жараяны бир нече мүнөткө гана созулган жана эл аралык байкоочулар киргизилген эмес.