БИШКЕК. Ленин районунун прокурору Абай Аппаковдун кызмат ордун калыбына келтирген Биринчи май райондук сотунун чечимин кайра кароону сурап башкы прокурор Камбараалы Конгантиев Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Анткени, Аппаков прокуратура тармагынан четтетиле элек. Бирок, прокуратуранын Аппаков, Ысманов, Иманалиева, Пугачева сыяктуу жооптуу кызматкерлерин «Прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндөгү» жобонун негизинде кызматтан четтетүүгө толук негиз бар дейт баш прокурор. Буга чейин аталган прокурорлор бир катар мыйзамдарды одоно бузууда, сот чечимин аткарбай жатат деп баш прокурорду айыптап чыгышкан.