Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:13

ТОКОЙЛОР ТОНОЛУП, ТООЛОР КӨЧҮҮДӨ


Токойлордун отунга жана турмуш керектөөлөрүнө айоосуз кыйылып жатканы Борбор Азия республикалары менен Ооганстан жана Иранда айлана чөйрөгө зыян алып келүүдө. Кыйылган токойлордун ордунда калган борпоң жерлер жаан-чачынга туруштук бере албай жер көчкүлөр үстөккө-босток кайталанууда. Суу ташкындары ондогон үй-жайга, имараттарга зыян келтирүүдө.

Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, былтыр Ооганстанда жаан- чачындар менен селдерден чыккан жер көчкү, суу ташкын сыяктуу аламаттардан бери дегенде 30 кишинин өмүрү кыйылды. Жүздөгөн кишилер үй- жайсыз калды. Азиянын Өнүгүү Банкынын 2004- жылкы баяндамасында айтылгандай, бул алааматтардын негизги себеби Ооганстанда токойлордун негизги энергоресурс катары пайдаланылып жатканында. Токойлор өлкөдөгү отун керектөөсүнүн 85 процентин камсыз кылат.

Токойлордун кыйылып жок кылынып жатканын регионалдык жана улуттук масштабдагы проблема катары кароо абзель. Ирандык профессор Исмаил Кахром буга байланыштуу буларды баяндайт.

-Иранда токойлордун жоголуп баратканы айрыкча Ельборз региону үчүн мүнөздүү көрүнүш. Акыркы 30 жыл ичинде бул региондо токойлор жарым эсеге кыскарды. Анткени алар отунга кыйылып, малга от катары пайдаланылууда. Токойлор кыйылган жерлердин топурагы бузулуп, шамал, күн жана жаан- чачынга туруштук бере албай жатат. Жерлердин эррозиясы чөлдөрдүн пайда болушуна алып келип, адамдарды жумушсуз калтырууда. Көптөгөн кишилер жан сактоо үчүн шаарларга жер которуп жатышат,- деди профессор.

Өткөн апрель айында Тажикстандын Хатлон чөлкөмүндө болгон жаан- чачындар 3 миң гектар пахта аянттарын кыйратып, жолдор менен көпүрөлөрдү жууп кетти. ЭККУнун Душанбедеги жооптуу өкүлдөрүнүн бири Саулиус Смалис жерлердин эррозиясы Тажикстанда эң чоң проблемалардын бири экенин билдирет. Уюмдун токойлорду калыбына келтирүү аракеттеринин алкагында ушул жылы Хатлон провинциясында бак-дарактардын 20 миңге жакын көчөтүн отургузуу пландаштырылып жатат.

Ал Эми Кыргызстандын Ош областында бак дарактардын көчөтүн отургузуу өзүн актай баштады.

-Кыргыз бийликтери Өзгөн жана Каракулжа райондорунун жер көчкү коркунучуна дуушар миң гектардай жеринде жаңгак көчөттөрүн отургузууга буйрук берди. Азыр көчөттөр чоңойуп калды, жер кыртышы бекемдеп, азыр анын үзүрүн көрүп жатабыз, жер көчкү дээрлик азайып калды ,- деп айтты Чукул кырдаалдар министрлигинин өкүлү Абубилла Пазылов.

Бул жерден жергиликтүү калктын токойлорду сактап калуу далаалаты жөнүндө айта кетүү керек. Арстанбаптын тургуну Бусурманкулова Бурулай биздин кабарчыбыз менен ой бөлүшкөн.

-Арстанбап жаңгак токойлору дүйнөдөгү уникалдуу токойлор, андагы аба таза, суусу тунук. Өкүнүчтүүсү калк ал жерлердин токойлорун отунга кыйып, 100-200 жылдык уюлдары бар дарактарды кыйып кетип жатышат. Эгерде өкмөт чукул чара көрбөсө, Арстанбаптын токойлоруна өтө чоң коркунуч келет, - деди Бусурманкулова.


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG