Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

АКШ: КАТРИНА УРАГАНЫНЫН БИР ЖЫЛДЫГЫ


Бир жыл илгери Кошмо Штаттарынын тарыхындагы эң ири табигый кырсыктардын бири орун алган. Катрина деген ураган 1 жарым миңге жакын адамдын өмүрүн алып кетти. Ал келтирген зыян болжолу менен 80 миллиард долларды түздү. Президент Буштун сынчылары жапа чеккен аймактарды калыбына келтирүү иштери өтө жай жүрүп жатканын, жардам тегиз эмес бөлүштүрүлгөнүн айтышууда.

28-августта президент Буш урагандан жабыркаган чөлкөмдү кыдыруусун баштады. Алгач ал Миссисипи штатына барды:

-Губернатор Хэлей Барбор айткан Миссисипинин кайра жаралуусунан күмөн санабаш керек деп ойлойм. Штатты кыдырып чыксаңар жаңылануунун, үмүттүн белгилерин байкабай койбойсуңар. Алдыда татаал иштер күтүүдө. Федералдык өкмөт бөлүп берген акчанын үйлөрүн кайра тургузууга муктаж болгон адамдарга жетишин камсыздайбыз. Мектептерди, китепканаларды мурдагыдан да мыкты кылып курабыз.

Мамлекет башчынын сөздөрү канчалык оптимисттик болбосун, кыйрап калган имараттар, бош калган үйлөр, дат баскан машиналар былтыркы трагедияны дагы эле эске салып турат.

Катрина 1 жарым миңге жакын адамдын өмүрүн кыйды, 400 миңдейи жер которууга мажбур болду.

Бир жылдан кийин өткөрүлгөн сурамжылоолор көргөзгөндөй, америкалыктардын 56 пайызы федералдык өкмөт Катрина ураганынан жапа чеккендерге жетээрлик жардам берген жок деп эсептейт.

Президент Буш кырсыктан кийин аймакка 12 жолу барып кетти. Бирок жергиликтүү калктын көбү анын убадаларына ишенбей калды.

Жаңы-Орлеан шаарынын тургуну Майк Чейни өкмөт бөлгөн каражатты ала элек:

-Биз акчанын берилишин гана өтүнөбүз. Биздин ким экенибизди текшериш үчүн бармак издерибизди албай эле коюшса, каражатка муктаж экенибизди далилдеш үчүн ар кандай кагаздарды толтуртпай эле койсоңор. Кандай зыян тартканыбыз, үйлөрүбүз эмне болгону ансыз деле көрүнүп турбайбы.

Буш администрациясы кырсыктан жабыркаган элдин муктаждыктарына кайдыгер мамиле кылууда деген сынга кабылып келатат. Демократтар партиясынын жетекчилери”Куру убадалар” деп аталган докладын жарыялашты.

Оксфам деген жардам уюмунун ырастоосунда болсо, акча каражат колунда бар актар менен жакыр афроамерикалыктар ортосунда адилетсиздик менен бөлүштүрүлгөн.

Ушундай эле жыйынтыкка Бруукингз институтунун изилдөөчүлөрү келишти. Докладдын авторлорунун бири Эми Лью Жаңы Орлеандын жака белиндеги абал былтыркыдан айрмаланбайт дейт:

-Коомдук инфраструктура кайра иштей башташы керек. Мектептер, ооруканалар жабык болсо, суу, канализация системалары калыбына келтириле элек болсо, жарык үзүл кесил берилип жатса, эл шаарга кантип кайтып келет.

Виржиния Университетинин Саясат борборунун директору Ларри Сабато Катрина президент Буш үчүн бурулуш учур болду деп эсептейт. Бүтүндөй улут президенттин ар бир сөзүн кунт коюп угуп, ар бир аракетине агылгалап байкоо салып турду. Эл Буш кантип башкарганын жакшы түшүндү. Ноябрда өтө турган өткөөл шайлоодо республикачылар көп добуш ала алышпайт, - деп боолголойт Сабато.

XS
SM
MD
LG