БИШКЕК. ХИПК финансылык эмес, чет өлкөлөрдүн таасирин күчөтүү максатын көздөгөн геосаясий кызыкчылыкка кызмат кылып жатат. Мындай пикирин бүгүн өткөн маалымат жыйынында Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын көз карашында бул программага кирсе Кыргызстан экономикалык көз карандысыздыктан ажырайт. Ошондуктан, тараптар карызды Париж клубунун алкагында чечүү жолуна кайтып барышы керек.