Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

ФРАНЦИЯДА МУСУЛМАНДАР БАКТЫЛУУБУ?


Өткөн аптада Лондондо 11 британиялык мусулман Америкага бараткан учактарды жардырмак деп шектелип сот алдына келишти. Ага чейин Мадрид менен Лондондогу террордук жардыруулар, атактуу голландиялык режиссердун радикал мусулман колдуу болушу жана Францияда мусулман жаштар баштаган көчө тополоңдору да Европадагы мусулмандарга карата мамиленин өзгөрүшүнө түрткү болду. Бул өңдөнгөн окуялар европалык мусулмандардын радикалдашып баратканынан кабар береби? Америкалык изилдөөчүлөр чукул жыйынтык чыгарууга шашылбай, мусулмандардын интеграциясын жолго койо алган Франциядан үлгү алууга чакырышууда.

Европага кечээ жакында гана келе баштаган кыргыздар эски континентте өздөрүн эркин сезишет, себеби орустар аркылуу европалыктардын маданияты менен дүйнө таанымы аларга жакын. Бирок Европада эбактан жашап келаткан Пакистан, Иран, араб өлкөлөрүнөн келген мусулмандардын түпкүлүктүү элдер менен алакасында айрыкча акыркы мезгилде ар кыл кыйынчылыктар пайда болууда. Бирок европалык мусулмандардын абалы жана турмуштук тажрыйбасы бир кылка эмес. Бул тууралуу Вашингтондо жайгашкан Пю изилдөө борборунун соңку изилдөөсүндө айтылат. Ага ылайык, мусулмандар көп жашаган Британия менен Германия сыяктуу өлкөлөр Франциянын саясатынан үлгү ала алышат. Себеби бул өлкөдө мусулмандар экинчи мекенине жана жергиликтүү маданиятка кыйла лоялдуу мамиле кылышат экен.

Былтыр Франциядагы тополоңдорду алсак, алар динге эмес, экономикага байланыштуу чыккандыгын байкайбыз. Франциялык мусулмандар динге баш-оту менен берилгендиктен, же башка диндин өкүлдөрүн жок кылуу нийетинен эмес, жумушсуздуктан улам көтөрүлүштү,-дейт Пю борборунун улук редактору Жоди Алленди.

Европанын башка жактарындай эле, Францияда жумушсуздук мусулмандардын арасында кыйла жогору. Бирок коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып, франциялык мусулмандардын басымдуу көпчүлүгү жергиликтүү каада-салттарга ынтаалуу мамиледе экен:

Франциядагы мусулмандардын ар бир ондон сегизи француздардын каада-салттарын жактырышат. Буга салыштырмалуу, Испанияда мусулмандардын 53 пайызы гана испандардын салттарын кабыл алууну каалашат. Ал эми Британияда бул көрсөткүч 41, Германияда 30 гана пайызды түзөт. Ушундан деле Францияда мусулмандардын көбү өздөрүн үйдөгүдөй сезишээрин айта алабыз.

Мындай айырмачылыкта тарыхый факторлор да бар. Британияда мусулмандардын көбү Индия менен Пакистан сыяктуу Түштүк Азия өлкөлөрүнөн келишкен. Ал эми Францияда Исламдын жолдоочулары көбүнчө түбү Мaрокко менен Алжирден. Бул өлкөлөр мурда Франциянын колониясы болгон. Жаманбы, жакшыбы, бул колониализмде француз тили менен маданиятын жайылтууга айрыкча көңүл бөлүнгөн. Ал эми Британ империясы Индия, Пакистан өңдөнгөн колонияларында элдерди өз эрки менен калтырып, алардын британдар менен жакындашып, камыр-жумур болуп кетишин колдогон эмес.

Акыркы кездерде Франциянын өкмөтү өз жолдоочуларын башка диндин өкүлдөрүнө каршы тукурган динаятчыларды өлкөдөн чыгарып салчу болду. Ал эми калган имамдар француз тилинде экзамен тапшырышы керек. Мамлекеттик мектептерде да мусулман кыздарга жоолук салынып жүрүүгө тыю салынды. Ошого карабастан, франциялык мусулмандардын арасында дин тутуу менен француздар менен алыш-бериште жашоонун ортосунда карама-каршылык бар деп эсептегендер аз. Сурамжылоодо алардын 72 пайызы мындай карама-каршылык жок деп айтышкан. Буга караганда, Улуу Британияда 49 пайыз мусулмандар гана британ коомунун жашоосу мусулманчылыкка каршы келбейт деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG