БИШКЕК. Баш калаадагы майрамдык салтанат Алатоо аянтында өтүп, ага 25 миңдей адам катышаары айтылууда. Президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоосу менен ачылган салтанатты театрлаштырылган оюн-зооктор, майрамдык жүрүштөр коштомокчу. Салтанат кечинде маданий иш чаралар менен жыйынтыкталат.