Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

ЖОЛ КЫРСЫГЫНЫН КӨБӨЙҮШҮНҮН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?


Аманбек Жапаров,Бишкек Расмий маалыматтарга караганда август айында өлкө аймагында 354 жол кырсыгы катталып, андан 109 адам набыт болуп, 448 адам жаракат алган. Мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлеринин пикиринде, автокырсыктын көбөйүшүнө айдоочулардын жолдо жүрүү эрежесин сактабай, транспортту катуу ылдамдыкта айдагандыгы себеп болууда. Ал эми айрым айдоочулар Кыргызстандагы автожолдордун азыркы талапка жооп бербегендигинен улам жол кырсыгы көп болуп жатканын айтышууда.

Бишкек шаардык мамлекеттик автоинспекциясынын үстүбүздөгү жылдын 27-августуна карата маалыматы боюнча шаарда жалпысынан 517 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 76 адам каза болуп, 570 адам жаракат алган. Бул көрсөткүч республика боюнча эки эсеге көп. Республикалык мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын башчысынын орун басары Виктор Валяевдин айтымында, жол эрежесин сактабаган айдоочулардын кесепетинен, көптөгөн бейкүнөө жарандар жабыр тартып калышууда.

-Жалпы республика боюнча МАИнин болгону беш посту бар. Автотранспорттордун каттамы огеле көп. Август айында эле республикада 354 жол кырсыгы катталып, андан 109 адам каза болду. 448 адам жаракат алды. Жол эрежесин бузгандардын негизги бөлүгү автоунааларды катуу ылдамдыкта айдагандар. Бул жерде айдоочулар өздөрү күнөөлү болуп атышат.

Ал эми көпчүлүк айдоочулар авто кырсыктардын күн санап өсүшүн таш жолдордун азыркы талапка жооп бербегендигинен көрөт. Алардын мындай пикирине Бишкектин тургуну айдоочу Исламбек Исраилов да кошуларын айтты.

-Жолдун көпчүлүк бөлүгү уңкур-чуңкур болуп атпайбы. Бул жердеги чоңдор оңдоп атабыз дегени менен борбордук жолдор оңдолуп, башка жактагы жолдор каралбай калбадыбы. Боом капчыгайы, Нарын тараптан эмнеге көп кырсык катталып атат, демек автожолдор кууш, жаман. Чуңкурлардан буйтайбыз деп атып сүзүшүп атышпайбы. Менин оюмча жол кырсыгынын чыгышына негизинен кан жолдордун талапка жооп бербегени себеп болууда.

Транспорт, байланыш жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы Жумагүл Мырзакматова болсо республиканын аймагындагы жолдорду оңдоп-түзөө иштери мурдагы мезгилдерге караганда дурус жүргүзүлүп жатканын белгиледи. «Айдоочулар өздөрү жол эрежелерин сактабайт. Маселен, жол жээгинде саатына 60 чакырым менен жүрүү белгиси турса аны көздөрүнө илишпей, ылдамдыкты эки эсе күчөтүп айдагандар четтен чыгат»,- дейт Мырзакматова.

Бишкектик айдоочу Сергей Петров Кыргызстанда жылына жол кырсыгынан жүздөгөн адамдардын өмүрүнүн кыйылышы, жарадарлардын саны согуш болуп жаткан аймактагыдан да көптүк кылат дейт. Анын айтымында, чоңдордун, байлардын балдары айдоочулук кесипке атайын окубай эле күбөлүктү сатып алышып, кымбат баалуу чет өлкөлүк үлгүдөгү автунааларды «кутургандай» айдашат. Петров ошондой эле транспорт министрлиги Бишкекте жана башка шаарларда бир тарапка жүрүүчү жолдорду, кан жолдордо АвтоБАМдарды куруп, МАИ кызматы «пара» алгандын ордуна айып пулдарды көбөйтүп, мыйзамды катуу иштетсе кырсык кескин түрдө азаят деген оюн айтты.

XS
SM
MD
LG