Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

14 : 00 Курманбек Бакиев: Эгемендиктин он беш жылдыгы- кайра жаралуунун башаты

БИШКЕК. Эгемендиктин 15 жылдыгына байланыштуу Бишкектин борбордук аянтында болгон салтанатта президент Курманбек Бакиев кыргызстандыктарды кыргыз, орус тилдеринде куттуктады. Бакиев эгемендиктин он беш жылдыгын улуттук кайра жаралуунун башаты катары баалады. «Өзүңүздөр жакшы билгендей элдик ыңкылап жеңген алгачкы күндөн тартып жаңы бийлик республиканын экономикалык кудуретин арттыруу өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү, жаңы жумушчу орундарын жаратууну өзүнүн негизги багыты катары белгилеген эле. Азыркы тапта биз ошол милдеттердин бир тобунун жүзөгө ашырылганын канагаттануу менен белгилей алабыз»,- деди Бакиев.
XS
SM
MD
LG