БИШКЕК. Бүгүнкү маалымат жыйынында баш мыйзамдын долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топтун башчысы Азимбек Бекназаров конституциялык реформа боюнча да сөз кылат. Азимбек Бекназаров буга дейре сегизинчи элдик курултайдын болоор-болбосун да 1-сентябрда жарыялаарын айткан. Курултай алгач 2-июлда Жалалабаттын Кочкората шаарчасында өтөөрү, анда ыңкылаптын экинчи этабын ишке ашыруунун чаралары талкууланаары жарыяланган. Бирок кийинчерээк ал күзгө которулган.