БИШКЕК. Бул күн өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелеринде белгиленмекчи. Салт болуп калгандай билим майрамына арналган иш чарага президент Курманбек Бакиев да катышмакчы. Өлкө башчысы бул жолу Улуттук аскер лицейиндеги салтанатка катышаары күтүлүүдө. Билим берүү министри Досбол Нур уулунун айтымында, билим берүү мекемелери жаңы окуу жылына толук даяр. Мектептерге 15 аталыштагы 752 миң окуу китептери түшүп, камсыздоо 85 пайызды түздү.