Бесландын жашоочулары 1-сентябрда эки жыл мурдагы кандуу окуяларды эскеришет. Анда 3-сентябрь күнү Орусиянын атайын кызматы дээрлик 2 күндөн ашуун убакыт тамак-аш, таза суусуз отурган туткундагыларды чабуул коюп бошотуп, ортодо атылган ок, колдонулган газдын кесепетинен бардыгы 332 киши мерт болгон. Быйыл 3-сентябрь күнү алардын урматына Бесландык мектеп окуучулары 332 ак үйлөтүлгөн шарды асманга кое беришет.
Ал каргашалуу окуядан 2 жыл өтсө да, балдарын, жакындарын жоготкон, 2 күн барымтада отуруп чыккан бесландыктар психологиялык жактан оңоло албай келет. Жакында Бесланга барып келген Орусиядагы Кызыл чырым коомунун аткаруучу директору Раиса Лукутсова көрүп-билгендери менен мындайча бөлүштү.
- Эки жыл мурда кан менен жашка толгон жерде элдин жүзүндөгү жылмаюуну көргөндө сүйүнөт экенсиң. Бесланда азыр ал кайгылуу окуядан кийин төрөлгөн наристелер да баш көтөрүп калды. Алар жашоо алдыга кетип баратканынын башкы белгиси эмеспи.
Бесландыктардын башына барымта кайгысы түшкөндөн бери ал жердеги балдар менен чоңдорго психологиялык жардам көрсөтүп келаткан догдур Александр Венгер элдин азыркы акыбалын төмөндөгүдөй сүрөттөйт.
- Негизинен абал абдан эле өзгөрдү, бир жыл мурдагыга караганда адамдар кыйла сабырдуу тартып калды. Ата-энелер мурдагыдай азаптанбай, аман калган балдарына камкордук көрө баштады. Далай ата энелер башында өлүп калган баласынын күйүтүнө берилип, калган балдарына көңүл бурбай калышкан эле.
Светлана Маргиева ал окуяларда жалгыз кызы Эльвираны жоготкон. Кызын ойлой берсе, эсин жоготуп салаарын сезген Светлана мындан эки ай мурда балдар үйүнөн эки жаштагы баланы асырап алды. Бесланды кайгыга чөмүлткөн барымтачылар арасынан жалгыз тирүүлөй колго түшкөн Нурпаши Кулаев ушул жайда өмүрүнүн аягына дейре түрмөгө кесилди. Светлана Маргиева Кулаевдин соту ага окшоп жабыр тарткандар үчүн чоң окуя болгонун айтат.
- Жок, алар Кулаевди соттошту, бирок башкалары жазасын ала элек. Орусиянын бийликтери Шамил Басаев өлтүлүргөнүн жар салышты, ал чынында эле жан берсе, анда далай чындыкты өзү менен кошо ала кетти. Ал далай нерсени айтып бермек.
Бесландыктар Кулаевдин соту тууралуу сөз болгондо, чечендердин сепаратисттик кыймылына, андан ары Орусиянын дарегине ачуулуу сөздөрүн жаадырышат. Серлана Маргиева да жалгыз Кулаевдин соттолушу Түндүк Кавказдагы кайгылуу окуяларды токтото албайт деп белгилейт:
- Чечен маселеси, Грозный болбогондо, Буденовскиде, Москвадагы театрда жана биздеги каргашалуу окуялар болбойт эле. Чеченстан үчүн ким жоопкер? Ельцин. Ельциндин күнөөсү Кулаевдикинен азбы? Менин мисалы, бир да чечен, же ингушка өчүм жок. Чечендер террорист болушуна кимдир бирөө жооп бериши керек.
Беслан коомчулугу 1-сентябрь күнү барымта окуясынын жылдыгына ырасмий бийликтегилердин катышуусун каалабайт. Ошондуктан быйыл да элдин кыжырдануусунан чочулап, Владикавказ, же Москвадан ырасмий өкүлдөр Бесландагы эскерүү каадасына барышпайт. Бесландык энелер комитети тараткан билдирүүдө: “биздин балдарыбыздын мүрзөсүнө бийликтегилер барса, алардын арбагын мазактагандай эле болот”, - деп айтылат.