Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

ТӨЛӨКАН ИСМАИЛОВА : АКСЫ ОКУЯСЫ АДИЛЕТ ТЕРГЕЛЕРИНЕ ИШЕНИМ ЖУКА


Төрөкул Дооров, Прага «Жарандар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова баштаган укук коргоочулар бүгүн баш прокурор К. Конгантиевге жолугуп, Аксы окуясы боюнча тергөөнүн кандай жүрүп жаткандыгы менен таанышмакчы. Төлөкан Исмаилова «Азаттыктын» таңкы уктурууларына чыгып сүйлөгөн сөзүндө Аксы окуясы боюнча укук коргоо органдары жүргүзүп жаткан тергөөдөн оң натыйжа чыгарына ишеним бекем эместигин баса белгиледи.

- Аксы окуясы боюнча Башкы прокуратура кайра баштаган иликтөөлөр баары бир чындыкты таппайт деген ойлор көп айтылып атат. Мындай ишенбөөчүлүккө кандай негиз бар?

- Ишенбөөчүлүккө негиз бар, анткени баш прокурор мырза Конгантиев революциядан кийин укук коргоочулар менен келишим түзүп, Азиза Абдрасулова, Сартбай Жайчибеков жана мени менен жолукканда өзбек качкындар боюнча биз менен жакшы иштейм, эч качан эл аралык келишимдерди бузбайм деп айткан. Ошто СИЗОдо отурган беш качкын боюнча биз иликтөө иштерин жүргүзүп турганбыз. Ал айткан, мен сөзсүз түрдө силер менен акылдашам деп. Тилекке каршы, аларды тымызын Өзбекстанга кетирип, өзү Кытайга командировага кетип калганы өкүнүчтүү окуя болду.

Ошон үчүн Аксы боюнча дагы бизде көп суроолор бар. Анткени, ал киши беш жол менен иликтейбиз деп атат. Биринчи жолу, баягы эле эски режимдегидей Бекназаров кандай тергөөчү болгон райондук деңгээлде деген суроосу бар. Биз ага кызыкдар эмеспиз, анткени коомчулук жана парламент, дүйнө жүзү билет депутат Беканазаровду мыкаачылык менен түрмөгө салган деп. Топчубек мырза жетектеген мамлекеттик, эгемендик комиссия жана башка комиссиялар ошол убакта иликтөө жүргүзгөнбүз. Ошондо ачкачылык акциялары башталган. Биз анда Бекназаровду жакшы таанычу эмеспиз. Биз айтканбыз, адам укугуна, мыйзамдуулукка балта чабылып атат, Кыргызстанда жашоо аябай татаал деп.

Ал кезде баш прокурор Абышкаев мырзага, же ошол администрацияда отурган чиновниктер Жанузаков, Карыпкуловдорго биз канча жолу барып айттык укук коргоочулар- мындай болбойт мыйзамдуу мамлекетте, ошол чараны башкача караш керек, эгерде силерде бүдөмүк ой бар болсо деп. Ошон үчүн бизде мырза Конгантиевге суроолор бар болчу. Бир жума мурун мен жолугуп сүйлөшкөндө, 1-сентябрда саат он бирде кабыл алам деди. Аксылыктардын атылганынан баштап бүгүнкү күнгө чейин ишти алып келаткан адвокат Сартбай Жайчыбеков жана белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова, мен болуп чогуу мырза прокурордон качкындар боюнча эмне үчүн ушундай жасадыңыз деп сурадык. Ал киши, Өзбекстандан мага официалдуу документ келди, өзбек бийлиги аларга эч качан кыйноо жасабайбыз деп айтты дегенде, мен, укук коргоочуларга ал документти көрсөтүңүз дедим, бүгүн көрсөтөм деди. Аксы боюнча ошол тергөө планын да көрсөтөм деди. Жолугуп дагы бир сыйра мыйзам ченемде иликтеп көрөлү деген оюбуз бар.

- Качкындар боюнча дагы бир суроо. Кыргызстанда өткөн жай мезгили эки негизги окуя менен эсте калды окшойт, бул АКШ менен дипломатиялык чатак жана өзбек качкындарына байланышкан чуулгандуу окуя. Президент Бакиев жакында Ташкенге расмий сапар менен барганы жатат. Мындан ары кыргыз-өзбек алакаларынын күчөшү качкындардын абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн эмеспи?

- Мен ишенет элем, диктатор Каримовго, же түркмөнбашыга мырза Бакиев жаңы революциялык лидер катары, же болбосо 90 пайыз шайлоочулардын добушун алган ишмер катары шайлоодон кийин жакшы иштеп, мыйзамдуулукка жана адам укугуна жол ачат деп. Бирок тилекке каршы, качкындарды бергенден кийин биз бүдөмүк ойдо калдык. Анткени, кыргызстандыктарга газдын ушундай баа менен кереги жок эле. Анткени, беш качкын жана бүгүнкү күндө миңдеген качкын макамын издеп аткан адамдар коркунучта турушат. Бул боюнча биз күнүгө иштеп атабыз жана колдон келген жардамды берип атабыз. Мен дагы айтып кетет элем, ушундай акыбал түзүлгөндөн кийин эл аралык уюмдар, БУУ жана башка адам укугун сактаган уюмдар активдүү иштеп, бүгүнкү күндө Кыргызстанда отурган качкындарды үчүнчү өлкөгө өткөрүп бериш керек. Бул процедураларды тездетиш керек. Анткени, түштүктө терроризмге каршы деп канча адамдар бүгүнкү күндө мыйзамсыз жоголуп атат, түрмөгө кетип атат, сатылып атат. Жалалабаттагы ИВСке Азиза Абдрасулова жана башка укук коргоочулар баргандан кийин эки адам кайып болуп кетти. Ошон үчүн бүгүнкү күндө акыбал оор. Мен коркуп атам, бул маселеге мырза Бакиев эмес, Каримов жана Путин киришип атабы деп.

- Төлөйкан айым, бүгүнкү жолугушууңуздарда Аксы боюнча сүйлөшөсүздөр. Жаңы башталган иликтөөлөрдө чынында Азимбек Бекназаровго каршы жасалган атайын аракет деп баалагандар да бар. Буга карата сиздин комментарийиңиз кандай?

- Ошондой да бар. Анткени мырза Бекназаров курултай өткөрөм, конституциялык форматты демократиялык кылам деп көп талкууларды өткөрүп, официалдуу түрдө айтып атат. Азыркы өкмөт мурунку Акаев режиминдеги сабактарды жакшылап изилдесе болот эле. Анткени, революциядан кийинки Польшаны, Сербияны, же Украинаны карасак, адамдар баалуулуктарды, же эңсеп келген адам укуктарын, же эркиндикти көбүрөөк алган. Тилекке каршы, Кыргызстанда андай болбой атат. Кайра оппоненттерди, укук коргоочуларды жана мамлекеттик эмес уюмдарды бүгүнкү күндө чектегенге аракет кылып атышат. Бирок, биз андай коркунучту сезбейбиз, анткени Акаевдин режиминен кийин биз андай кысымдан коркпойбуз.

XS
SM
MD
LG