Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Пакистанда кечээ белужилердин өлтүрүлгөн жетекчисинин тажыясы өттү


Пакистандын Кветта шаарында кечээ күнү белужилердин жетекчиси Наваб Акбар Хан Бугтинин тажыясы болуп өттү, бирок өкмөттүк чектөөлөрдөн улам, ага отуздай гана адам катыша алды. Бугти өкмөттүк аскерлердин 26-августтагы чабуулунан улам курман болгон. Ал бир кезде Пакистан өкмөтүндө министр болуп да иштеген, бирок акыркы жылдарда Белужистандын эгемендүүлүгү үчүн күрөшүп келген. Бугти сексенде болчу. Белужилер кечээ күнү жергиликтүү полиция түйүнүн жана бир нече дүкөндү өрттөп жиберишти.

XS
SM
MD
LG