Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

НАРЫНДА МАЛДЫН ПАСТРЕЛЕЗ ООРУСУ ЖАЙЫЛУУДА


Соңку күндөрдө Нарын районунда малдын пастрелез аттуу илдети жайылып, андан майда жандыктар өлүмгө учурап жаткандыгы белгилүү болду. Мал өстүрүүчүлөр дартты алдын алууга ветеринардык кызмат көмөк көрсөтпөй, атүгүл бул ооруну жаап жашырып келишкен деп кинелешсе, ветеринардык кызматкерлер мындай дартты мал ээлери өздөрү дарылашуулары керек деп билдиришүүдө.

Самүдүн Асанбаев Нарын районундагы Аккудук айыл өкмөтүнүн тургуну. Анын короосундагы кой-эчкилер июль айында эле чычкактап, алды өлүмгө дуушарланган:

- 17 баш малдан чыгым болдум. Бул жугуштуу сасык тумоо экен, -

Самүдүн Асанбаевдин айтымында айыл боюнча короо-короо малдар дартка толук чалдыгышкан:

- Шоро айылы боюнча 3-4 короо мал бар эле. Өлгөнү өлдү, калганы калды.

Айрым адистердин айтуусунда өз алдынча дарылоо жүргүзө башташкан:

- Бицилин, пеницилин сай деген, ал эч жыйынтык бербей койду. Эрмен, спирт бердик, - дейт Асанбаев.

Самүдүн Асанбаев айткан дарт кийин лабораторияга берилгенде ал пастрелез оорусу деп аныкталган.

Сөз Нарын райондук ветеринария башкармасынын жетекчиси Жантай Бариевде:

- Аккудук айылындагы лаборатория пастрелез деп диагнозун койду. Азыр Бишкектен алтын тамыр деген уколду алып келип малдарга мал ээлери өздөрү сайып атышат.

Аккудук айыл өкмөтүнөн кийин Каракужурда жайгашкан Тяньшань кой заводунда да жаш козулар өлө баштаган:

- 170тин тегерегинде жаш козулар өлдү. Сойуп көрдүк, бул пастрелез деген оору экен. Бул оорунун чыкканына көп болгон экен. Бул күнгө чейин ветеринардык башкармасы жашырып келген - дейт Тяньшань кой заводунун директору Салымбек Чулиев.

Ал эми Самүдүн Асанбаевдин айтымында, Аккудук айыл өкмөтүндө пастрелез оорусу дале күчүндө кала берүүдө:

- Азыр менин короом басылганы менен, элдин малы кырылып атат. Мамлекет айтты эле жугуштуу оруларды бекер дарылайбыз деп, эч жардам жок, - .

Нарын районунун башкы ветеринардык дарыгери Жантай Бариев мындай пикир менен макул эмес:

- Бул боюнча вакциналар бар. Мал ээлери өздөрү сатып алып сайдырыш керек. Мамлекет болсо бул ооруга акча бөлгөн эмес. Бизде быйыл 50 пайыз вет.кызматкерлер кыскарып кетти. Азыр 39 айылга 8 гана ветеринардык кызматкер калды.

Тяньшань кой заводунун жетекчиси Салымбек Чулиев малга вакцина сайуу жүргүзүп жаткандыгын айтты, бирок:

- Биз өзүбүздүн малды сактап калабыз. Ал эми биз вакцинаны өткөргөндөн кийин Миңбулак, Кызылоктябрь айылдары, Кочкор району кошуна, аларга кайра тарайт. Ал кандай болот? Айла кеткен оокат болуп атат,-дейт.

Күмөндөр Усупов, Нарын

XS
SM
MD
LG