Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

14:00 УКМ: Р. Ахунов Өзбекстан ислам кыймылынын лидерлеринин бири болгон


БИШКЕК. 2-сентябрда Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматы жок кылган Расул Ахунов Түркстан ислам партиясынын лидерлеринин бири болуп саналган. Ал ошондой эле Жума Намангани, Тахир Юлдашевдер менен катар Өзбекстан ислам кыймылын түзүүнүн башатында турган. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук кызмат атайын билдирүү таратты. Анда белгиленгендей, Расул Ахунов үстүбүздөгү жылдын 12-майында Баткен районуна чектеш жердеги Тажикстандын Ляккан чегара бекетине кол салууга катышкан. Анда террорчулар Баткен облусунун Кадамжай районуна кирип, натыйжада Кыргызстандын эки аскер кызматкери өлтүрүлгөн.

Азиза Турдуева, Бишкек

XS
SM
MD
LG