Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

15:00 Өз ыктыяры менен багынуу жөнүндө террористтерге берилген мөөнөт узартылды


БИШКЕК. Кыргызстандын аймагындагы террористтик, экстремисттик уюмдардын өкүлдөрүнө өз ыктыярлары менен курал-жарактарын тапшырып, тартип коргоо органдарына багынып берүү мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Бусурманкул Таабалдиев “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Буга чейин коопсуздук кызматы бул мөөнөттү 1-сентябрь менен чектеген эле. Таабалдиевдин айтымында, 2-сентябрда Ош шаарында жүргүзүлгөн атайын операциялар да экстремисттик, террористтик уюмдардын өкүлдөрүнө багынып берүүгө түрткү болушу ыктымал. Буга чейин экстремисттик топторго тиешеси бар эки атуул тартип коргоо органдарына өз ыктыярлары менен багынып келишкен.

XS
SM
MD
LG