Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

КАРЕЛИЯДАГЫ БАШАЛАМАНДЫК - ОРУСИЯДА ПАЙДА БОЛГОН РАСИЗМДИН ЖЕМИШИ


Кечээ Кондопога шаарында 30-августта орус жана кавказдыктардын ортосунда болгон кармашта жергиликтүү 2 кишини өлтүргөн деген шек менен эки чечен кармалган. Карелиянын жетекчиси Сергей Катанандов журналисттерге айткан пикиринде аларды Кондопогада турушчу чечендер диаспорасы көмөк көргөзүп кармашкан. Шаршембиде ал шаарда славяндарга окшобогондорго каршы чыккан жергиликтүү калктын башаламандыгына катышкан жүздөн ашуун кишинин 20дайы алигиче камакта экен. Кавказдыктардын соода түйүндөрүн өрттөгөн үч кишини милиция иликтөө жүргүзүп, табыша элек дешет.

Орусияда улуттар арасындагы жектешүү курч экендигин анализчилер улам айтышат. Жакында эле Маскөөдөгү Черкизовдук базарды жардыруунун башкы максаты ал жерде иштеген кытай, вьетнам, борборазиялык кишилерди жок кылуу болгон. Кондопогада да көчөгө чыккандар - «славян эместерди калаадан сүрүп салуу» талабын коюшкан.

Орусияда кийинки учурда дегеле тили буруу - чет өлкөлүктөрдү, жөөттөрдү, өңү-түсү караларды, кавказдыктарды, борборазиялыктарды жектөө ачык эле байкалып калды. Мындай көрүнүштүн акыры жүрүп олтуруп улуттар жектешүүсүнө алып келет дешет.

Кечээ Чеченстандын өкүмөт башчысы Рамзан Кадыров алыскы Кондопогада калаадагы боордошторуна кысым көргөзүлүп атышына нааразы экендигин билдирди. Эгерде Карелия бийлиги жагдайды оңдой албайт экен, анда барып аны оң жолго салышууга даярмын деп айткан ИНТЕРФАКС агенттигине.

Карелияда жергиликтүү калктын башка элдерди кодулоосу небактан келе жаткан жорук экенин ал жумурият саясий талдоочусу Александр Чажингин айтат:

«Бул кагылыштар кыйладан бери созулуп келатат. Бийликтин ал маселеге эми араң көңүл бурушу өкүндүрө турган көрүнүш», - деди алдыңкы күнү «Азаттыктын» эфири аркылуу билдирген оюнда.

Орусиялык басылмалар жазаган жыйынтыкта бийлик мындай жагдайды өз кызыкчылыгына, улутчулдар – бийликке жетүү багытында пайдаланышат. «Коммерсант» (04.09.2006) Кондопогадагы жергиликтүү орустар чыгарган башаламандыкка Маскөөдөн атайын барган мыйзамсыз мигранттарга каршы кыймылдын өкүлдөрү катышканын жазат.

Беш күндөн бери тынчый албай аткан Кондопагада славян эмес, саны жагына аз элдер үркүп, көчө качышканын интернетте жазышат. Ошол эле учурда Карелиянын губернатору Сергей Катанандов «Кондопогадагы башаламандыкка улуттар арасында кагылыш түсүн бербегиле», - деп журналисттерге эскертүү айтты.

Кызык жери, Эстониялык Постимеэс агенттиги жекшембиде таркаткан маалыматта «30-август күнү Петрозаводск калаадан 54 чакырым түндүктө (аты аталбаган – ММ) 35 миң тургуну бар шаарчада да башаламандык болуп кавказдыктардын соода түйүндөрү менен киоскилерин талкалап салышты. Мындай агрессия кавказдыктарды ал калаадан да качып чыгууга аргасыз кылды», - деп жазат.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG