Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

ДҮЙНӨЛҮК БАНК : ГРУЗИЯДА ЭКОНОМИКАЛЫК РЕФОРМА ЫЛДАМ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ


Ишкерлик кылуу кайсы өлкөдө жеңил? Дүйнөлүк банк 175 өлкөдө өткөргөн изилдөөгө караганда, экс-советтик республикалардын ичинен-Балтика өлкөлөрүн кошпогондо-Грузияда жана Арменияда ишкерлик үчүн шарт жеңил. Дүйнөлүк банк ишкерликке уруксат алуу, кредит алуу, ишкердин укугун коргоо, салык төлөө, келишим түзүү, сыртка товар сатуу жана товар алып келүү сыяктуу 10 көрсөткүчтүн негизинде ушундай тыянакка келген.

Кыргызстанда соңку 1 жылда ишкерчилик үчүн жагдай бир кыйла жакшырган. Дүйнөлүк банктын “Ишкердик кылуу –2007”деп аталган изилдөөсүндө Кыргызстан 90 орунда турат же былтыркыдан 14 орунга көтөрүлгөн.

Армения менен Грузияда ишкерлер үчүн шарт Евробримдикке мүчө Испания жана Португалияга караганда да мыкты экен. Бул бирок эл аралык инвесторлор акчасын Армения жана Грузиянын экономикасына кош уучтап алып салганга шашууда дегенди түшүндүрбөйт. Анткен менен, Дүйнөлүк банктын улук экономисти Карали МакЛиштын айтымында, соода жараяндарын жөнөкөйлөштүрүү жана ишкерчилик чөйрөсүнүн жакшыруусу кези келгенде экономиканын дүркүрөп өсүшүнө алып барат:

- Грузияда өткөн жылга салыштырмалуу ишкерлик 55 процентке көп катталган. Анын натыйжасында жумушсуз адамдардын саны акыркы 18 айда 2 процентке төмөндөгөн. Бул экономика туура багытты карманганын күбөлөйт.

Грузин бийликтери катоону жеңилдетүү менен бирге ишкана ачууга зарыл баштапкы капиталдын көлөмүн да азайткан. Тыштан келген товарды бажыкандан өткөрүү үчүн мурда Грузияда 54 күн кетсе, азыр бул иш 14 күндө бүтөт.

Маклиш айым Арменияда кыймылсыз мүлктү сатып алып, каттоодон өткөрүү абдан жеңил экенин белгилейт:

-Дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен жеке мүлктү катоо баарынан Арменияда оңой.

Арменияда мүлктү 4 күндө, ал эми Беларуста 231 күндө каттоо мүмкүн. Беларуста салык төлөө да өтөмашакаттуу иш. Беларус ишкерлери киршеден дээрлик эки эсе көп салык төлөшү жана бир жылда 125 жолу салык төлөшү абзел.

МакЛиштин сөзүнчө, Украинанын салык төлөө системасы Беларустагыдан да татаал:

-Украинада орто ишкана үчүн бардык салыкты төлөөгө 2 185 саат керек.

Же 92 барактык жылдык салык декларациясын толтуруу үчүн украиналык ишкер эч уктабай 91 күн отурушу лаазим.

Ошентсе да Украина жана Беларуста тышкы соода үчүн шарт Борбор Азия өлкөлөрүнө караганда бир кыйла жеңил. Эң мыкты эсептелген Казакстанда экспортко товар чыгаруу үчүн тийиштүү кагаздарды даярдаганга орточо 93 күн, импорт үчүн - 87 күн сарпталат.

- Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө бажыканалар- ишкерликтин коррупцияга өтө баткан тармагы. Анткени, соода жараянына байланыштуу документтер өтө эле көп. Эгер сиз береги жараяндарды толук аткармак болсоңуз, өтө көп убакыт керек болот. Андыктан ишкерлер убакытты жоготпос үчүн, товарды экспорттоп-импорттош үчүн пара төлөөгө мажбур.

XS
SM
MD
LG