Түркиянын парламенти Улуттар уюмунун бейпилдик орнотуу миссиясына катышуу үчүн түрк аскерлерин да жиберүүгө макулдугун берди. Түрк аскерлерин Ливанга жиберүүгө парламенттеги оппозициялык топтор каршы болушкан. Буга чейин миңдеген түрктөр да бул чечимге каршылык билдирип, демонстрацияга чыгышкан болчу. Түркия Улуттар уюмунун бейпилдик күчтөрүнө канча аскер кошо турганы азырынча так аныктала элек.
--
--