Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 02:22

Бүгүн Евробиримдик менен Иран сүйлөшүүлөрү өтөөрү күтүлүүдө


Бүгүн Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Хавьер Солана жана Ирандын өзөктүк иштер боюнча өкүлү Али Ларижани Венада жолугушуп, Иран уран байытууну токтотпогону жөнүндө сүйлөшөөрү айтылып жатат. Бирок бул жолугушуу боло турганы расмий бышыктала элек. Буга чейин Америка Кошмо Штаттары “Иран уран байытууну токтотуудан баш тарткандыктан, эми ага каршы санкция киргизүү үчүн аракеттерин күчөтө турганын” айткан эле.

--

XS
SM
MD
LG