БИШКЕК. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары президент Бакиев менен жолугат. Анда конституциялык реформаны жүргүзүү жараяндары, аны тездетүүгө байланыштуу маселелер боюнча пикир алышуу болот. Президент менен депутаттар башмыйзамдын долбоорлорун конституциялык кеңешмеде жана Жогорку Кеңеште талкуулоонун мөөнөттөрү, мамлекеттик башкаруунун формасын тандап алууну референдумга алып чыгуу боюнча көз караштарын билдиришет.