Грузияда полиция бир топ оппозициялык топтордун оффистерин текшерип, өлкөдөн куулган оппозициячыл саясатчы Игорь Гиоргадзенин ондогон колдоочуларын камакка алды. Өлкөнүн Ички иштер министри Вано Мерабишвилинин айтымында, “алар өкмөттү кулатууга камынышкан болушу мүмкүн”.