Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Германияда Ирандын өзөктүк программасы талкууга алынат


Бүгүн Германиянын баш калаасы Берлинде АКШ, Орусия, Кытайдын жана Евробримдик үчилтиги – Британия, Франция жана Германиянын – башкы дипломаттары жолугушуп, Ирандын өзөктүк программасы боюнча маселени талкуулашаары күтүлүүдө. Иран жакында Улуттар уюмунун талаптарын четке кагып, уран байытуу ишин токтоткон эмес. АКШ ушундан улам Иранга каршы экономикалык санкцияларды киргизүү зарылдыгын айтып жатат. Дал ушул маселе бүгүнкү жыйындагы негизги суроолордон болмокчу. Кечээ Венада өтөт делген иран-евробиримдик сүйлөшүүлөрү кийинкиге жылдырылды.

XS
SM
MD
LG