Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

16:00 “Манас” авиабазасынын жоголгон кызматкерин издөө иштери улантылууда


“Манас” авиабазасынын кызматкерлер менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Жил Мерцгер айым уурдалган эмес. Аны издөө иштери улантылууда жана анын табылаарына ишеним бар. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министри Мурат Суталинов билдирди. Министр айткандай, учурда ар кандай версиялар иштелүүдө, бирок, азырынча алар тууралуу маалымдалбайт. Ушул эле күнү “Манас” авиабазасынын кызматкерлери пресс-конференция өткөрүштү. Анда маалымдалгандай, авиабазанын кызматкерлерине шаарга чыгууга чектөө коюлду. 5-августта кечки саат 4 менен 5 ортосунда Жил Мерцгер Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунда дайынсыз жоголгон.

XS
SM
MD
LG