Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

18:00 Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Польшада баңгизат менен кармалды


Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 6-сентябрда Варшавада Польшанын чекара кызматкерлери тарабынан дипломатиялык паспорту жана баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги расмий маалымат таратты. Өмүрбек Текебаев Варшаванын округдук прокурорунун токтому менен СИЗОго камалды. Депутат баңгизаттарды алып жүргөн жана ташыган деген шек менен кармалган. Парламенттин депутаттары депутат Текебаевдин Польшанын чекарасында кармалгандыгына байланыштуу чукул чакырылган жыйын өткөрө башташты. Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар ЕККУнун Бишкектеги кеңсесине чогулушту. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюмдар Коалициясынын жетекчиси Эдиль Байсалов депутаттын кармалышын Кыргызстандын атайын кызматтарынын Текебаевди каралоо максатында жасаган иши катары баалоодо.Польшада Кыргызстандын элчилиги жоктугуна байланыштуу Варшавага Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин кызматкерлери жөнөп кетишти.

XS
SM
MD
LG