«Атамекен» партиясы Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышына байланыштуу билдирүү менен чыгып, анда оппозиция лидеринин багажына кыргыз бийлиги баңгизатты атайлап салып, Текебаевди курмандыкка айлантканын белгиледи. Польша бийлиги акыйкатты орнотуп, Өмүрбек Текебаевдин бул ишке тиешеси жок экенин аныктаарына ишенебиз, деп айтылган билдирүүдө.