Бул комиссия Жогорку кеңештин депутаты Текебаевдин Варшавада кармалган жагдай себептерин иликтөө үчүн Президенттин тапшырмасы боюнча түзүлдү. Комиссиянын курамы менен мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жолукту. Комиссияга кыска мөөнөттө Варшавага баруу жана депутатка юридикалык, дипломатиялык жардам көрсөтүү тапшырылды.
13 :30 Текебаевге жардам көрсөтүү үчүн ТИМ менен Башкы прокуратуранын биргелешкен комиссиясы түзүлдү