Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

16:00 Президент Курманбек Бакиев депутаттар менен жолугуп өлкөдөгү кырдаал тууралуу сүйлөштү


Жолугушуу өлкөдөгү азыркы саясий-экономикалык кырдаал, бийлик бутактарынын алакасы, коопсуздук жана конституциялык реформага байланышкан маселелер боюнча пикир алышуу үчүн уюшулган. Бирок, ал жерде Текебаевдин камакка алынганына байланыштуу окуя жөнүндө да сөз козголгон. Депутаттар Текебаевге каршы ыплас провокация уюштургандарды таап жазалоо үчүн бардык аракеттерди көрүү зарыл деп белгилешкен. Президент Курманбек Бакиев өз кезегинде Текебаевге ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн Тышкы иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын биргелешкен комиссиясы түзүлүп, иштеп баштаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG