Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

ТУБЕРКУЛЕЗДУН БАРДЫК БЕЛГИЛҮҮ ДАРЫЛАРГА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛА ТУРГАН ТҮРҮ ПАЙДА БОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 7-8-сентябрда Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында медиктердин ири эл аралык жыйыны болуп, кургак учукту дарылоо маселеси талкууланды. Окумуштуулардын айтымында, акыркы мезгилде дүйнөдө туберкулездун жаңы түрү пайда болду жана аны азырынча бир да белгилүү дары айыктыра албайт.

Медицина кургак учукту мындан 50 жыл мурда толук жеңген деп эсептелчү, ошондуктан, британиялык "Гардиан" гезити жазганга караганда, бул оору кедейликтин кесепети деген түшүнүк менен ага каршы жаңы дарыларды табуу изилдөөлөрү акыркы жылдарда дээрлик жүргүзүлбөй да калган.

Анткен менен, мисал үчүн, Америка Кошмо Штаттарында үстүбүздөгү жылдын март айында туберкулез менен ооруган 64 адамдын жыйырма бири кайтыш болду жана эң жаңы күчтүү дарылар дагы аларга жардам бере алган жок. Бардыгы болуп дүйнөдө азыр жыл сайын тогуз миллион адам кургак учук менен ооруйт жана, "Ассошиейтед пресс" агенттигинин маалымдаганына караганда, алардын эки миллиону кайтыш болот.

Африка жана башка өнүкпөгөн мамлекеттердеги абал болсо өтө начар. Анын себеби - бул өлкөлөрдө азыр СПИД оорусу кеңири тараган. Бул оору иммундук системаны иштен чыгаргандыктан, кандай болбосун инфекция өлүмгө алып келиши мүмкүн.

2005-жылдын январынан үстүбүздөгү жылдын мартына чейин Түштүк Африка жумуриятынын КваЗулу-Натан деген провинциясында СПИД боюнча изилдөө жүргүзүлгөндө, 53 оорулуу адамдын элүү экиси 16 күндүн ичинде дүйнөдөн кайткан жана алар кургак учуктан өлгөн. Диагноз коюлгандан кийин аларга дагы эң күчтүү дарылар берилген, бирок ал жардам берген эмес. Изилдөөнү жүргүзгөн Тони Молл деген доктур - эч бир дарыга моюн бербеген туберкулездун жаңы түрү пайда болду деген жыйынтыкка келген.

Йоханнесбургдагы конференцияга катышкан илимпоз, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперти Эрнесто Арамийонун айтымында, оорунун андай жаңы түрү - врач сунуштаган дарылар туура эмес пайдаланылгандан да чыгышы мүмкүн: "Жалпысынан алганда, туберкулезду дарылаганда эч кандай шартта бузулбай турган эрежелер сакталууга тийиш. Биринчиден, доктур айткан режим сакталыш керек, ал берген дарылардын тобу туура тандалууга тийиш жана аларды кабыл алуу ирети да туура болгону абзел. Доктур туура эмес дары берсе, же алар туура эмес пайдаланылса, убакыт өткөндө - оорунун ал дарыларга туруштук бере ала турган түрү пайда болот", - дейт Арамийо.

Кургак учуктун жаңы түрү азыр мурдагы советтик жумурияттарда да табылууда, анткени советтик мезгилдеги күчтүү саламаттык сактоо системасы аларда бузулду. Эксперттерди таң калдырган нерсе - эмне үчүндүр туберкулездун андай жаңы түрү Латвияда көп чыгып жатат: ооруган беш адамдын биринде, же 20 пайызында - дарыларга өзгөчө каршылык көрсөткөн кургак учуктун вирустары табылууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперти Пол Нанндын айтымында, дүйнөлүк статистика боюнча туберкулез менен ооругандардын эки пайызында оорунун андай жаңы түрү кездешет.

Эксперттердин болжолунда, эгер бул жаңы ооруга каршы дары табылбаса, андан 2020-жылга чейин 200 миллион адам өлүшү мүмкүн жана СПИДке каршы көрүлүп жаткан чаранын баары дээрлик пайдасыз болуп калат, анткени СПИД жуккан адамдардын көпчүлүгү азыр кургак учуктан өлүп жатат.

XS
SM
MD
LG