Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ КУЛОВ ЫСЫККӨЛДӨ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БОЛДУ


Өкмөт башчысы Феликс Кулов 7-сентябрдагы Ысыккөлдөгү иш сапарында бүтпөй турган эки мектепке жалпы 2 жарым миллион сом бөлүнөрүн убада берип, бир катар айыл чарба жана өндүрүш мекемелеринде болду.

Феликс Куловдун бул мектептерди бүткөрүү бюджетке киргизилгенби деген суроого облустун губернатору Эсенгул Өмүралиев үч миллион каражат керектелерин билдиргенде өкмөт башчы 1 млн. сом бөлүнөрүн убада берди. 350 орундуу бул мектеп 16 жылдан бери бүтпөй турган. Буга чейин депутат Керексизов 1 млн., губернатор 1 млн. сом бөлгөн эле.

Феликс Кулов Түп районунун саз басып кеткен жерлеринин абалы менен да таанышты. Аюбулак айылындагы дыйкандар үлүш жерлерин иштете албай жаткандыгын белгилешти. Буга чейин 8 гектар жер кургатылгандыктан бул ыкма менен дагы 13 чакырым дринаждык каналдарды тазалоо боюнча жумшалчу чыгымдар да талкууланды.

Саз басып кеткен аянттарды кургатуу үчүн 15 млн. зарыл экенинен кабар алган өкмөт башчы бул кырдаалдан чыгуу максаттары боюнча мындай деди:

- Дыйкандар дагы жок дегенде 1-2 пайыз өз салымдарын кошуусу керек. Келерки жылы дагы белгилүү өлчөмдө акча каражатын бөлөбүз, андан кийин айылдыктар дринаждык сеттерди толук түрдө өздөрүнүн мойнуна алуусу керек.

Өкмөт башчысы Тоң районундагы Айкөл, Жетиөгүз районундагы Акжалга сүт заводдору жана жаңы ишке кире турган КА-Исабеков деген аталыштагы картошканы кайра иштетүү ишканаларында болуп, айыл жериндеги мындай өндүрүш мекемелерге текшерүү органдары жолтоо болбойт деген кепилдигин берди. Бул күнү Каракол айылында курулуп аткан мектепке дагы бир жарым миллион сом бөлүнөрү айтылды. Өкмөт башчынын Ысыккөлдөгү иш сапары "Каракол" эркин экономикалык зонасындагы курулуш объектиси менен таанышуу менен аяктады.

Балыкчы шаарындагы 500 гектар жер өнөр жай өндүрүшүн көтөрүү максатанда бөлүнгөнүн белгилеген облустун губерантору эркин экономикалык зонанын быйыл Каракол шаарынан Тамчы айылына жана Балыкчы шаарына көчүрүлүп атканын төмөндөгүдөй чечмеледи:

- Жакшы жагы булар бир короонун ичинде болот. Эркин аймак контролдо болот. Чыккан продукциясынын баары көзөмөлдө болот.

Рита Нурмамбет кызы, Ысыккөл

XS
SM
MD
LG