Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

ШАХМАТ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН 2 АЛТЫН МЕДАЛЬ УТТУ


Бишкек шаарында алгач ирет өткөрүлгөн уландар жана кыздар арасында шахмат боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Асыл Сыдыков менен Семетей Төлөгөнтегин алтын медаль жеңип алышты.

Уландар жана кыздар арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты Бишкекте өтүп, чемпиондук үчүн 9 тур беттешүү- акыл таймашы жыйынтыкталды.

Былтыр Өзбекстандын Наманган шаарында шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатынын акыл таймашында кыргызстандык Семетей Төлөгөн тегин баш байгенин ээси болуп, өлкөнүн тарыхында алгач ирет Азиянын алтын медалын тагынган. Семетей быйыл да чемпиондук наамын бийик сактап, 16 жаштагы уландар арасында шахматтан Азиянын эки жолку чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.
Экинчи жана үчүнчү орундарды индиялык Сай Сренивас менен Сетур Аман камсыз кылышып, күмүш жана коло байгелүү болушту.

Бишкектеги 70- мектептин 9- классынын окуучусу, былтыркы Азия чемпиону Семетей Төлөгөн тегин «максатым дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстанды таанытуу» дейт:

- Быйыл даярдык ойдогудай болгон жок. Ошондой болсо да намысты колдон чыгарбоого аракет кылдым. Шахматтан кыргыздар да кыйын экенин, акылдуу экенин таанытсам деймин. 9- турдагы таймашуунун жыйынтыгы гана былтыркы Азия чемпиондугумду сактап калууга негиз болду. Кыргызстанда талантуу жаштар, балдар арбын. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана керек.

16 жаштагы кыздардын баш байгесин индиялык Лакшими утуп, Азия чемпиону аталды. Казакстандык Олга Данилюк -экинчи, өзбекстандык Надира Надиржанова үчүнчү орунду ээледи. Кыргызстандык кыздар Азия чемпионатында ийгилик жарата алышкан жок. Азия чемпионатынын күмүш байге ээси өлкөнүн чемпиону Жаңыл Тиленбаева шахмат күйөрмандарынын үмүтүн актай алган жок.

Ал эми 18 жаштагы уландардын акыл таймашуусу курч мүнөздө өтүп, 9 тур мелдештин жыйынтыгында арбын упай топтогон кыргызстандык Асыл Сыдыков баш байгенин ээси болуу менен Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды. Казакстандык Асхад Нуркин күмүш байгелүү болсо, өзбекстандык Андрей Квон Азия чемпионатынын коло медалын утту.

18 жаштагы кыздардын акыл таймашуусунда Азиянын чемпиондугун казакстандык Гүлмира Давлетова жеңип, Чымкентке олжолуу кетти. Былтыркы Азия чемпиону, дүйнө биринчиликтеринде мөрөй алып жүргөн ирандык Атоза Пуркашян Гүлмирага утулуп, экинчи орунду ээледи. Азия чемпионатынын коло байгеси индиялык Семвасан Кариге ыйгарылды.

Азия чемпионатынын беттешүүлөрүнүн жыйынтыктары Кыргызстан үчүн жемиштүү болгонун өлкөнүн шахмат федерациясынын аткаруучу директору Бактыгүл Тиленбаева айтып берди.

- Кыргызстандын намысын мурдакы Азия чемпионаттарында байге алган жаш шахматчылар Семетей Төлөгөнтегин, Асыл Сыдыков, Азамат Козубаев, Самат Давлетбаков, кыздардан Жаңыл Тиленбаева, Айжаркын Чыңгыз кызы баштаган улан- кыздар коргоду. Өлкөнүн тарыхында биринчи ирет Азия чемпионатын уюшкандыкта өткөрүү менен эки алтын медалды жеңип алууга жетиштик. Акыркы турга чейин ким утуп алары аныкталган эмес. Семетей менен Асылдын Азия чемпиону болушу чоң жетишкендик. Бул жалпы кыргызстандыктардын жеңиши, сыймыгы. Эгемендүү өлкөнүн тарыхында алгачкы ирет шахматтан Азия чемпионатын уюштуруп жаткандыктан мүчүлүштөр да кетпей койбойт экен,- дейт Тиленбаева.

Азия чемпионатына катышкан чет өлкөлүк командаларга жакшы шарттар түзүлүп берилгени менен кыргызстандык шахматчылар намысты колдон чыгарбай ийгиликке жетишкенин Семетейдин машыктыруучусу жана атасы Төлөгөн Исаев белгиледи.

-Былтыр уулум Семетей Азиянын чемпиону болуп келсе да эч бир жетекчи кабыл алып, көңүлүн сурап да койгон жок. Эми чет өлкөлөрдөн келген командалар «Ысыккөл» мейманканасына жайгашып, аларга жакшы шарт түзүлүп берилсе, кыргызстандык шахматчылар көңүл сыртында калып үйдөн барып келип катыштык. Көп эле жолу Азия, дүйнө чемпионаттарына катышып жүрөбүз. Мелдешти уюштурган өлкө биринчи кезекте өз командасына мыкты шарт түзүп, камкордукка алат. Биздин командада болсо ушундай көрүнүшкө карабай ийгилик жарата алдык. Уулум экинчи ирет Азиянын алтын медалын тагынды. Бул баш байге оңой келген жок,дейт Исаев.

Бишкектеги Азия чемпионатында казакстандык жаш шахматчылар ийгиликке жеткенин, үч медаль утуп алышканын жаш шахматчы Бауржан Касымов белгилеп, мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулганын кошумчалады.

Акыл таймашына Индия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын алтымыштан ашык улан-кыздар катышты.

Кабыл Макеш,Бишкек
XS
SM
MD
LG