11-сентябрда "Манас" аба майданындагы америкалык аскер базасында президент Курманбек Бакиев, премьер министр Феликс Кулов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов болуп, 2001-жылы 11-сентябрда АКШда болгон террордук чабуулдун беш жылдыгын эскерүү иш чарасына катышты. Президент өз сөзүндө Ооганстанда кырдаал жалпысынан турукташкан менен, бирок чыңалуунун очоктору сакталып турганын, ошондуктан «Манас» базасы өз кызматын аткарууну улантаарын билдирди.
14:00 Терроризм коркунучу жоюла элек, ошондуктан америкалык аскер базасы Кыргызстанга керек