Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

18:00 Таласта окуучулар менен мугалимдер облустук лицейди жабууга каршы чыгууда


Лицейде окуган окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер бүгүн “лицей жабылбасын, биз башка мектепке окубайбыз” деген талаптар менен облустук акимчилик алдына кайрадан пикетке чыгышты. Аларга облустун губернатору Жусупжан Жээнбеков чыгып, бул лицей облустук акимчилик тарабынан мыйзамсыз ачылыптыр, мурдагы губернатор Айдаралиев баш болуп көп кишилер жооп берет, силерди алдап келишкен, лицей жабылбайт, деп пикетчилерге кайрылды. Таластагы облустук лицей жайгашкан имаратты менчик ээси кайтарып алып койгон. Ошондуктан анда окуган окуучулар 1-сентябрдан бери окуй турган жайы жок, нааразы болуп көчө акцияларына чыгууда.

Уланбек Эсенгелди уулу

XS
SM
MD
LG