Депутат Мелис Эшимкановдун айтымында, ал артынан аңдып жүргөн коопсуздук кызматынын жетинчи бөлүмүнүн кызматкерин 9-сентябрда кармап алган. Улуттук коопсуздук кызматынын шаардык башкармалыгынын башчысы Ойталбек Осмонов өз кезегинде депутат Эшимкановдун өзүнүн артынан эч кандай аңдуу болгон эмес, деп билдирди. Анын айтымында, депутаттын айдоочусунун уюшкан кылмыштуулук менен байланышы иликтенип, ошондуктан анын автоунаасы байкоого алынган.