БИШКЕК. Бул жөнүндө «Манас» аэропортунун вице-президенти Надыр Мамыровдун өлкө президентине жазган түшүнүк каты себеп болууда. Анда атайын операция жасоого Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, президенттин бир тууганы Жаныш Бакиев буйрук бергени айтылат. Бул кат Текебаевге байланышкан окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик парламенттик комиссияга да жеткен. Комиссия кечээ кечинде чукул жыйын чакырып, бул маселе тууралуу тиешелүү жетекчилердин, негизги күбөлөрдүн маалыматын укту. Кыргыз парламенти Өмүрбек Текебаевге байланышкан окуяга бүгүн дагы бир жолу кайрылат.