Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:02

ПАХТА ЭККЕН ДЫЙКАНДАРДЫН МЭЭНЕТИ КАЙТАБЫ?


Өткөн жылдагыдан 2 миң гектар аянтка пахтаны арбын эккен Кыргызстанда сентябрдан баштап пахта терими башталды. Бирок, азыркы Кыргызстандын шартында пахтаны сатып, пайда табуу мүмкүнчүлүгү болобу? Бул маселе жеке дыйканды да, мамлекетти да катуу ойлонтуп жана издентип жаткан кез.

Маселен, Жалалабат облусундагы пахта териминен облустук мамлекеттик акимчиликтин айыл чарбаны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жээналиев мындайча кабар берди:

-Азыр биздин Базаркоргон, Ноокен, Сузак райондорунда пахта терим толук жүрүп жатат. Аксыда жаңы башталууда. Өткөн жылдагыдан облусубузда 700 гектар пахта ашык эгилген. Быйыл кургакчылык болгонуна карабастан дыйкандарыбыз 92 миң тонна чийкизат алуу аракетинде. Ырас, бир катар жерлерде пахта сууга чаңкап, мөөнөтүнөн мурда ачылып кетти.

Жалпы Кыргызстанда быйыл 47 миң гектар аянтка пахта эгилип, 121 миң тонна пахта чийкизатын жыйноо мүдөөсү бар. Эң негизги маселе, ошол пахта чийкизатын дыйкандын колунда пайда калгыдай баада сатуу. Бирок, быйыл пахтанын баасы кандай болорун дыйкандар билбей кабатыр. Нурбек Жээналиев кечээ Жалалабаттагы пахта тазалоочу заводдордун жетекчилери менен облус губернатору кеңешме өткөргөндө да пахтанын быйылкы баасы канча болорун ошол адистерден бери айта албагандыгын, бул өзүнчө проблема болуп жаткандыгын белгиледи.

Айыл жана суу чарба министрлигинин статс-катчысы Камбаралы Касымов дүйнөлүк рыноктогу пахта буласынын баасын бүгүн гана билүүгө жетишкендигин айтты:

-Мен дыйкандардын талабы боюнча пахтанын быйылкы дүйнөлүк баасын Жапан мамлекетинин биздеги долбоору аркылуу тактадым. Пахта буласынын азыркы дүйнөлүк баасы 1 доллар 46 сентке барабар экен. Америкада, Кытайда андан да кымбатыраак. Өзбекстан менен Түркмөнстан пахтаны мурдагыдан аз эгиптир. Демек, Кыргызстанда быйыл пахта былтыркыдан кымбат болушу мүмкүн.

Быйылкы коркунуч, пахтанын көпчүлүгүн ортомчулар сатып алууга аракет кылышууда. Учурда 14-15 сомдон сатып ала баштагандар бар. Ал эми 1 кило пахтанын өзүнө турган наркы 13 сом 70 тыйын. Кыргыз өкмөтүнүн, айыл чарба министрлигинин, жергиликтүү бийликтердин жардамы дал ушул жерде керек болуп жаткандай. Башкача айтканда, сырттан аларман таап, аларды түз эле пахта өндүрүүчүлөрдүн өздөрү менен соода кылдырууга жетишүү керек. Сырттан инвестор табуу аракетин Кыргыз өкмөтү көрүп жаткандыгын Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Камбаралы Касымов эскертип өттү:

-Премьер-министрибиз Феликс Кулов Орусияга 10 миң пахта буласын сатуу аракетин көрүп жатат. 10 миң пахта буласы – 35 миң тонна пахтадан алынат.

Кыргызстан быйыл 121 миң тоннадан ашык пахта өндүрөт. Бирок, инвесторлор менен келишим түзүү маселеси октябрга чейин толук аткарылып, дыйкандар ошого багыт алып калышы керек деп эсептейт Бишкек шаарынын тургуну Жолболду Каримов:

-Антпесе үмүт артып жүрө берген дыйкандар кийин ара жолдо калышы мүмкүн.

Пахта буласын эртерээк даярдап, эртерээк сатуу да талапка ылайык. Былтыркы жылы адегенде 53-54 сомдон сатылган биринчи сорттогу 1 кило пахта буласы кийин 40-38 сомго чейин төмөндөгөн.

XS
SM
MD
LG