Президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев аны депутат Текебаевге чагымчылык уюштурду деген айыптоолорду жалаа деп атады. Бул жөнүндө ал 12-сентябрда мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Жаныш Бакиев тергөө аныктап, мойнуна коюп, сот чечмейинче бирөөнү айыптоо туура эмес деп эсептейт. «Бизге жалаа жапкандар өздөрү уят болуп, кечирим сурайт»,- деп баса белгиледи Жаныш Бакиев. Ал тергөөгө кысым көрсөтүп жатат деген доомат чыкпасын деп УКК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан кеткенин айтты.