Жаныш Бакиев бүгүн «Кабар» агенттигинде чыгып сүйлөп, Текебаевге каршы эч кандай спецоперация уюштурбагандыгын кайталап айтты. «Текебаев мамлекетке коркунуч келтирген эмес, ошондуктан ага каршы операция өткөрүштүн зарылчылыгы болгон эмес»,- деп билдирди президенттин бир тууган иниси. Ал тергөө жүрүп, сот чечими чыкмайынча аны күнөөлөгөнгө эч кимдин акысы жок деп эсептейт. Жаныш Бакиев аны айыптап жаткан депутаттар «Манас» аэропортунун вице-президенти Надыр Мамыровдун түшүнүк катына негизсиз таянып жатышканын белгилейт. «Ал кайдан чыкты, түпнускасы кайда, эмне үчүн көчүрмөсүн көтөрүп жүрүшөт, мен билбейм, депутаттарга да ушул суроону берет элем",- деди Жаныш Бакиев.