Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

КЫРГЫЗ ЭЛ СҮРӨТЧҮСҮ ШАКЕН МАМБЕТАИПОВАНЫН 70 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КӨРГӨЗМӨ


Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде кыргыздын таланттуу сүрөтчү кыздарынын бири, маркум кыргыз эл сүрөтчүсү Шакен Мамбетаипованын чыгармачылыгын чагылдырган көргөзмө өтүп жатат. Аталган көргөзмөдө Шакен Мамбетаипованын чебер колунан жаралган шырдактар, кийиз бетине ошондой эле чийге тартылган оюм-чийимдер, ар түрдүү жаныбарлардын сүрөттөрү түшүрүлгөн улуттук буюмдары жана тарткан сүрөттөрү көрүүчүлөрдүн сынына коюлган. Шакен Мамбетаипова кыргыз аялдарынан чыккан тунгуч профессионал сүрөтчү болгон.

Шакен Мамбетаипованын көптөгөн эмгектери дүйнө музейлеринен орун алган. Көргөзмөгө келген көрүүчүлөрдүн бири Дүйшөн мырза маркумдун эмгектерине мындайча баасын берди.

-Шакен эженин мурда атын укчумун, бирок көргөзмөсүнө биринчи жолу катышып жатам. Кыргыздын кол өнөрчүлүгүн да, сүрөтчүлүк өнөрдү да айкалыштырып жүргөнүнө таң каласың да. Эже өзүнүн баардык талантын оймо-чиймелерине жана сүрөттөрүнө салыптыр.

Шакен Мамбетаипованын чебер колунан өз элин даңктаган эмгектери жаралса, калеминен “Байыркы жылдыздар”, “Улуу тоолор”, “Кыргыз пейили” аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов акын эжени мындайча эскерет.

-Шакен Мамбетаипова поэзияга кеч келсе дагы ырларынын көркөмдүгү менен, деңгээлинин жогорулугу менен биринчи эле жыйнагы чыкканда эл оозуна алынып, жалпы акын журтчулугун, поэзия сүйүүчүлөрдү өзүнө караткан. Маркум акын ырга бөтөнчө мамиле кылчу, ыр деген улуу касиет экенин сезип, ага карата астейдил мамиле кылган акындардын бири болгон.

Учурда Шакен Мамбетаипованын балдары эне жолун улантып, сүрөтчүлүк жана акындык кесипти аркалап келишүүдө. Маселен кыздары сүрөтчүлүк өнөр менен алектенишсе, уулу Жыргалбек Касаболотов ыр жазат. Ал ыр жазуудагы окшоштуктары туурасында мындай деди.

-Менде эмне жаман болсо ал өзүмөн, жакшы нерсенин баары ошол кишиден деп билем. Ал киши дагы элдик кыртышка жакын стилде жазчу. Мен дагы ошол стилде жазам, азыркы көптөгөн жаңы агымдарга жакын эмесмин.

Шакен Мамбетаипованын туулган күнүнүн жетимиш жылдыгына арналып уюштурулган көргөзмө 27-сентябрга чейин созулмакчы.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG