Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

ТАТАРСТАНДА МУСУЛМАН КИНОСУНУН ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮП ЖАТАТ


Төрөкул Дооров, Москва Бүгүн, 15-сентябрда, Татарстандын баш калаасы Казан шаарында Мусулман киносунун 2-эларалык фестивалы «Алтын Минбар» ишин жыйынтыктаганы турат. Соңку беш күн бою өтүп жаткан кинофестивалда баш байге, 2 млн.рубль акча, кимге ыйгарылаары бүгүн жарыяланмакчы.

«Алтын Минбар» былтыртан бери өткөрүлүп келатат. Былтыр анын алгачкы иши Казан шаарынын 1000 жылдыгы менен туш келгендиктен, анда көрсөтүлгөн тасмалар да, дегеле сынактагы жалпы маанай да шаардын тарыхы менен тыгыз байланышта болгонсуган.

Фестивалга тасмаларды тандап алган комиссиянын төрагасы, кинодраматург Одельша Агишевдин (Odelsha Agishev) айтымында, быйыл алар кинодогу профессионалдык талаптарга тагыраак жооп бере алган тасмаларды илгеп алышты.

- Биз бул жолу кинематографиянын деңгээлин, анын кандайдыр бир жетишкендиктерин көрсөтө алган фильмдерди тандап алганга аракет кылдык. Алардын кайсыл мамлекеттерде, кандай режиссерлор тарабынан тартылганына, кайсыл проблемаларды козгогонуна анча деле маани берген жокпуз. Бир маанилүү жери – бүгүнкү кинодо басымдуулук кылып жаткан эротика, зордук-зомбулук, уруштарды көрсөтпөй туруп, мыкты фильм жаратуу өтө татаал. Бирок биз ошондой, жалпы адамзаттын адеп-ахлак баалуулуктарына негизделген фильмдерге көбүрөөк көңүл бурдук, - дейт кинодраматург Одельша Агишев.

Жалпысынан фестивалга катышуу максатында 24 мамлекеттен 100 дөн ашуун тасма түшкөн. Алардын ичинен сынактын конкурстук бөлүгүнө 16 мамлекеттен келген 35 фильм тандалып алынды. Мында 14 көркөм тасма, 16 даректүү жана 5 анимациялык фильм бар.

Конкурска катышып жаткан көркөм тасмалардын катарында кыргызстандык фильм да бар. Бул – режиссер Нурбек Эгендин (Nurbek Egen) «Атанын керээзи» деген тасмасы.

Көркөм тасмалардын катарында учурда актуалдуу темалар боюнча айрым саясий өңүттөгү жаңжалдуу фильмдер да катышууда. Мында фестивалды уюштуруучулар англиялык режиссер Майкл Уинтерботтомдун (Michael Winterbottom) «Гуантаномого жол» деген тасмасын өзгөчө белгилеп өтүштү. Иранда тартылган «Өлүм марафону», түркиялык «Карышкырлар өрөөнү», конкурстук эмес программада көрсөтүлгөн палестин-голланддык «Бейиш азыр» деген фильмдердин көрсөтүлүшү фестивалдын саясий маанисин да өзгөчө белгилеп тургандай.

Булардан башка режиссер Анвар Жамалдын (Anwar Jamal) Индиянын элет жериндеги жөнөкөй аялдардын оор турмушун сүрөттөгөн «Кичинекей республика» деген тасма көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратышы мүмкүн деп күтүлүүдө.

Кинодраматург, фестивалды уюштуруучулардын бири Одельша Агишев барган сайын бул фестиваль «Орусияда жашаган улуттук азчылыктар жөнүндө маалымат берген маданий иш-чарага айланышы керек» дейт.

- Бул фестиваль баарыбызга биздин көп улуттуу өлкөдө экранда көрсөтүлбөй келаткан улуттук азчылыктардын тарыхы, алардын бүгүнкү турмушу жөнүндө маалымат берген сынакка айлана алат. Бир эле мисал – Кавказдагы улуттар, биз алар тууралуу эмне билебиз? Мектепте бизге «Дагестанда 40 тан ашуун улут жашайт» деп окутчу. Андан башка эч кабарыбыз жок. Алар тууралуу документалдык фильмдерди кызыгып көргөндөр аз. Андыктан, фестивал жок дегенде бизге ошол эле чечен, ингуш элдери жөнүндө айтып берсе жакшы болмок. Согушчул жикчилер жөнүндө эмес, элдер жөнүндө айтыш керек, - деп белгиледи кинодраматург Одельша Агишев.
XS
SM
MD
LG