АКШнын чет өлкөлүк уктуруулар комитети Азаттыктын түркмөн кызматынын кабарчысынын табышмактуу өлүмүн тез арада кылдат жана ачык иликтөө жүргүзүүгө чакырат. Эркин Европа/Азаттык радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жеф Тримбл болсо аталган радиостанция анын элесин эстен чыгарбайт деп билдирди. ЕККУ баштаган эл аралык уюмдар болсо анын өлүмүнө түркмөн бийлигин айыптаган билдирүү жасашты.