Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

IHF: ТҮРКМӨН ЖУРНАЛИСТИН ТҮРМӨДӨ МЕРТ КЫЛЫШКАН


Эл аралык укук коргоочу уюмдар “Азаттык” радиосунун кабарчысы Огулсапар Мурадованын түрмөдө каза болгону үчүн жоопкерчиликти Түркмөнстандын бийликтерине жүктөштү. Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча мекемеси ырасмий Ашхабадды окуянын чоо-жайын тез арада кылдат жана калыс иликтеп чыгууга чакырды. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, АКШнын радиотелеберүү иштер боюнча башкаруучулар кеңешинин жана башка абройлуу уюмдардын билдирүүлөрүндө да ушундай талап айтылат.

Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму өзүнүн билдирүүсүндө эл аралык коомчулукту, өзгөчө Европа өлкөлөрүн, АКШны жана Россияны түркмөн бийликтеринен Мурадованын кандайча каза болгонун ачык жана так түшүндүрүп берүүнү талап кылууга чакырды.

Бейшемби күнү уюмдун отуздай активисти Парижде түркмөн элчилиги алдында митинг өткөрүштү. Муну менен алар бул иш жазасыз калбасын, бери эле дегенде буга уюм унчукпай кала албай турганын билдиргиси келишкен. Активисттер атүгүл элчиликтин имаратына кирип барышып, түркмөн элчиси менен жолуктурууну талап кылышты. Жагдайга полиция кийлигишип, демонстрация жайчылык менен аяктады.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму журналист жана укук коргоочу активист Огулсапар Мурадова, түркмөн бийликтери айткандай, өз ажалынан эмес, түрмө кызматкерлеринин зөөкүрлүгүнөн каза болгонун ырасташууда.

Эл аралык Хельсинки федерациясынын аткаруучу директору Аарон Родес да Мурадованын бийликтин колунан мерт болгонунан күмөнсүбөйт. Журналисттерди коргоо комитетинин Нью-Йорктогу баш кеңсеси таркаткан билдирүүдө “түркмөн бийликтеринин жабык мүнөзүнөн, маркумдун денесиндеги жаракаттан жана көк ала тактардан улам анын кыйноо көрүп каза тапканы кадиксиз” экени айтылат. Эл аралык мунапыс уюму болсо Мурадованы түрмөдө жаман абалда кармап,кыйноого салышканын, анын ушундай мамиленин айынан көз жумганын белгиледи.

Human Rights Watch токтоосуз экспертиза өткөрүүнү талап кылды. Түркмөн өкмөтүнүн калыстыгына ишенбей, уюм эл аралык иликтөө жүргүзүү зарыл деп билдирди. Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңеши да Ашхабадды ушундай кадамга чакырды. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму бул окуяны өтө жаман кабар деп баалады. Уюмдун жогорку даражалуу өкүлү Миклош Харасти түркмөн бийликтери менен байланышып, ачык тергөө өткөрүүнү өтүндү.

Огулсапар Мурадова быйыл июнда укук коргоочу бир нече активист менен кошо кармалган эле. Августтун этегинде анын үйүнөн курал-жарак,ок-дүрмөт табылды деп айыптап, алты жылга түрмөгө кесишкен. Сот процесси беш мүнөткө созулган. Айрым маалыматтарга караганда, “өлкөгө каршы бүлүк-бүлгүн иштерди жүргүзгөнүн” моюнга алдыруу үчүн абактагылар Мурадовага акыл айнытма дарыларды да беришкен өңдөнөт. Маркумдун балдары Мурадованын башына балтанын мизи тийгенин,мойнунда сыйыртмактын тагы калганын айтышкан.


Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG