Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:43

«АКСЫ ОКУЯСЫНЫН КҮНӨӨКӨРЛӨРҮН ТАБУУ ЭМЕС, ЖАБУУ БОЮНЧА КӨП ИШ БОЛУП ЖАТАТ»


«Азаттыктын» кабарчысы Аксы районунда 17-сентябрда өткөн сегизинчи элдик курултайдын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты, «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаровду кепке тарткан.

- Азимбек мырза, бүгүнкү өткөн курултай өзүнүн максатына жетти деп эсептей аласызбы?

- Ооба, биз элдин ортосунда мазар шейитте конкреттүү бир чечим алалы деп келгенбиз. Биз ага жеттик. Экинчи этабына да эл макул болду. Курултайдын катышуучулары койгон маселелерди бир добуштан бардыгын кабыл алышты.

- Бүгүн эртең менен курултай башталар мезгилде айрым бир адамдар тарабынан сөөк жаткан жерге келип курултай өткөрүп, шаан-шөкөт кылбагыла деген каршылыктар болуп жатты. Айрым адамдар муну азыркы бийликтин мурунку бийликтен алып калган мурасы, атайын жасалган провокация, чагым катары кабыл алышты. Сиз буга кандай дейсиз?

- Биз курултайды 17-сентябрда Аксыда болот дегенден баштап бийлик катуу иштеген. Бирок, Өмүрбек Чиркешович Текебаев кармалып калгандан кийин солгундап кетти да аягына келгенде иштебей калышты. Бирок, башында омондорду, аялдарды алып келебиз деп жатышкан. Биз дагы катуу даярдандык эле. Бир, эки автобус менен аялдарды жөнөтүптүр, алар Жалалабаттан келишиптир. Ал аялдар Аксынын атынан улам эле сүйлөп жатышпайбы. Алар Аксынын аялдары эмес. Ал бийликтин жиберген адамдары экен. Аксыны полигонго айландыра беребизби деп айыл-айылга саясат кылышты.

- Бүгүнкү курултайда кабыл алынган чечимдер боюнча айрым талаптарды мисалы, премьер-министрдин отставкасына, Аксы окуясынын аягына чыгуу сыяктуу талаптарды аткарууга бийликке бир ай гана мөөнөт беришти. Бул мөөнөт аябай эле аз эмеспи. Анткени канча жылдан бери аягына чыкпай келе жаткан иштер ушул аз гана убакытта аягына чыгат деп ишене аласызбы?

- Ушул эле маселелер бийликке бир жыл мурда коюлган. Мен бир-эки эле фактысын айтайын. Мисалы, 2005-жылдын 24-декабрдагы Тарых музейиндеги талаптар. Ошол эле талаптар бүгүнкү күндө да коюлду. Бүгүнкү күндүн талабы-мындан кийин талап болбойт деген сөз негизи орунду ээлейт. Эгерде бийлик бул талаптарды орозо ичинде аткара албаса, анда тандемди кетирүү маселелери коюлат. Анткени эл дагы, саясатчылар да чарчап бүттү. Өнөкөткө айланып кетип жатат. Ошондуктан мындан кийин талап болбойт.

- Азимбек мырза, эсиңизде болсо керек апрель, май айларында Аксы окуясы боюнча кайрадан сот териштирүү башталып, бирок кайра эле Жогорку Соттун чечими күчүнө калтырылган эле. Ошондо Аксы окуясынын жабырлануучулары президентке кирип, аны сентябрь айынан кийин аягына чыгабыз деген убадасын алып чыккан. Мына бүгүн Адахан Мадумаров айтып жатат баш прокурор Камбаралы Конгантиев декабрга чейин ал иштин аягына чыгам деп убадасын берди деп. Буга сиздин көз карашыңыз?

- Аягына чыгыш үчүн президенттин эрки, каалоосу керек. Эгер президент чындап ал иштин аягына чыгам десе, бир айда эле бүтүрөт. Негизги ишти биз бүтүрүп койгонбуз. Болгону беттештирүү гана калган. Карыпкулов, Акматалиев, Садиев бардыгы суралган. Болгону азыркы президент Курманбек Салиевичтен сураш керек. Анан Акматалиев экөөнү беттештириш керек. Андан кийин ошого жараша жооптуу кишилерди жоопко тартыш керек. Акаевди албетте жоопко тарта албайбыз. Бирок, калгандарын жоопко тартыш керек.

Бул жерде мурдагы Акаевдин убагындай эле бул Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүн табуу эмес, тескерисинче жабуу боюнча көбүрөөк иш кылып жатат. Ошонун амалын издеп жатат. Беш пункттун үчөөсү бизге каршы, мисалы мага каршы, аксылыктардын жүрүшүнө чыккандарга каршы кылмыш иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми менин убагымда үч козголгон иш экинчи кезекте болуп тергелбей турат.

Ал бүтүп калган иш. Ноябрда бүтүрүп, мен Курманбек Салиевичтин өзүнө эки жолу кирип айткам. Сиз ошол убакта СОВБЕСтин чечими менен күнөөкөр катары бошогондордун бардыгын сурабасак Акматалиев менен Карыпкуловдор атаандашып жатат. Эмне үчүн Бакиевден сурайбасың. Ал өкмөт башчысы болчу. Миңдеген-миндеген омондор ошонун чечими менен барган, анын чечими менен самолет берилген. Мен ички иштер министри транспорт министрлигине буйрук бере албайм самолетту бер деп. Андыктан аны суракка алгыла. Эгер Курманбек Салиевичти сурак кылбай бизди жөн эле өткөрө берсеңер биз беделибизди көтөрөбүз, дешкенин айткам Бакиевге.

Мен башкы прокурор катары эки жолу кайрылдым. Сурак берип коюңуз демократ өлкөсүнүн президенти катары аброюңуз болот деп. Күнөөңүз жок экендигин далилдеңиз, дегем.


-Азимбек мырза, айтсаңыз бүгүнкү иш талаптар берилген мөөнөттө аткарылбаса, андан ары көрө турган иш чараңыздар кандай болот?

- Курултайдын экинчи этабы орозо бүтөөрү менен Бишкекте өтмөй болду. 24-марттагы окуядай кылып Ак үйдү басып алуу болбойт. Бирок, тандемди кетирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз.

-Рахмат маегиңизге.

Суроо салган Замира Кожобаева, Аксы

XS
SM
MD
LG