Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

МАЛ КӨБӨЙДҮ, МАЛ ДОКТУРЛАР АЗАЙДЫ


Кабыл Макеш, Бишкек Учурда өлкөдө мамлекеттик ветеринария департаментинде мал доктурлук адистер жетишсиз. Себеби бул тармакты Европалык комиссия каржылап жаткандыктан, алардын талабы боюнча мамлекеттик мал доктур адистери кыскартылып жатат. Алар коюп жаткан шартка ылайык өлкөдө менчик мал доктурлар болуусу зарыл.

Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директору Талантбек Узакбаевдин айтымында айрым алыскы айылдарда бир да мал доктур жок. Ошондуктан малдын жугуштуу оорулары кездешип, алдын алуу иш-чаралары көрүлбөй келүүдө. Мурда өлкөдө жылына ар түрдүү мал оорууларын алдын алуу үчүн 17 иш чара, эмдөө, дарылоо көрүлүп турса, учурда каражаттын жоктугунан малдын жугуштуу дарты көп кездешүүдө.

-Быйыл эле 444 мамлекеттик мал доктур кыскартууга туш келди. Себеби менчик мал докторду алыскы айылдарга жиберүүгө мүмкүн болбой, менчик ветстанцияны ачууга чама жетпей жатат. Ошондуктан малдын жугуштуу оорулары куч алып баратат. 12 жылдан бери Кыргыз агрардык университетинин бир дагы бүтүрүүчүсү бизге келип иштеген жок. Учурдагы мал доктордун эң жашы 36-40 жашта. Эгерде жаштар бул кесиптин түйшүгүнөн качып, айлыгы аз деп иштебесе анда бул тармакта көйгөйлөр көбөйөт. Алыскы айыл, райондордо бир да мал доктор жок экендиги өкүндүрөт.

Ветеринария департаментинин жетекчиси Талантбек Узакбаев белгилегендей 12 жылдан бери Кыргыз агрардык университетин бүтүргөн бир дагы адис өз кесиби боюнча иштеген эмес.

Жаштардын көбү заманбап кесиптерди тандап жаткандыктан мал доктурлук адисттикке анча маани берилбей келүүдө. Кыргыз агрардык университетинин профессору, ветеринария илимдеринин доктору Руслан Салыковдун айтымында илимий дарстар окулганы менен практикалык көрсөтмөлүү иш- аракеттерди көрсөтүп турууга жогорку окуу жайда мүмкүнчүлүк чектелүү.

Совет доорунан калган көрсөтмө курал- жабдуулар эскирип, иштен чыгып баратат. Жаңысын алууга жаңы технологиянын жетишкендиктерин колдонууга чама жетпейт. Кыргыз эли мал жандуу болгону менен жугуштуу ооруларга карата алдын ала дарылоо иш- чараларына анча маани бербейт. Кыргыз агрардык университетин ар жылы 100дөн ашуун адис бүтүргөнү менен анын баары өз кесиби боюнча иштешпейт.

Жылына мамлекеттин эсебинен стипендия алган 20-21 студент гана Кыргыз агрардык университетин ветеринария факультетин бүтүрүп чыккан менен алардын көбү адистиги боюнча иштешпейт. Учурда мал доктурдун орточо айлык акысы 800-1000 сом. Мындай аз айлык менен жогорку билимдүү адистер иштебей жатышат,- деди Руслан Салыков.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө айрыкча бодо мал кескин көбөйүп, койдун саны 4 миллиондон ашып баратат. Ошондуктан малды тейлөө үчүн ветеринардык адистер зарылдыкка айланып турат.

XS
SM
MD
LG