Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:56

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИН ЭРКИНДИГИ КАНДАЙ АБАЛДА?


Жакында Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү дин эркиндиги боюнча жылдык отчетун жарыялады. Анда Борбор Азиядагы мамлекеттерден Өзбекстан менен Түркмөнстан сынга алынган. Отчетто Кыргызстандагы дин эркиндигинин абалына да баа берилген. Кыргызстан Өзбекстан менен Түркмөнстанга окшоп катуу сындалбайт, бирок бийликтин айрым аракет-кадамдары тууралуу сөз болот.

Кубат Оторбаев, Прага.

Отчетто дин эркиндигине Кыргызстанда шарт бар экени белгиленген. Ал үчүн Конституция баштаган мыйзамдар буга жол берери айтылат. Дин менен мамлекет бири-биринен бөлүнгөн, бийлик болсо бир да динге жан тартпайт.

Дин эркиндигин чектөө катары өкмөттүн кээ бир топторду экстремисттер катары карап жатканы белгиленген, андай топтордун алдында “Хизб ут-Тахрир” турат. Өкмөт түштүктө өзгөчө активдешип кеткен бул уюм бийликке келиши ыктымал деп өтө тынчсызданат, деп айтылат отчетто. Буга байланыштуу 2005-жылдын август айында президент Курманбек Бакиев диний экстремизмди ооздуктоо боюнча мыйзамга кол койгон.

“Хизб ут-Тахрирге” байланышы бар делген адамдар камакка алынган учурлар да отчетто бар. Андай камакка алуулар азыр да уланып жатканы белгилүү.

“Азаттыкка” берген интервьюсунда Бишкектеги Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов эгемендик майрамынын алдында камакка алынгандар тууралуу мындай дейт:

- Эгемендик майрамынын алдында шаардын Свердлов районунда “хизбутчулар” баракчаларды таратышты. Буга байланыштуу биз 29-сентябрда Бактыбек Муратовду кармадык, ал 1968-жылы туулган. Биз Өзбекстандан, Тажикстандан келген адамдарды текшерип турабыз. Документи жок 110дон ашык адамды кармадык, алардын экөө издөөдө жүргөн экен.

Бирок Мамлекеттик департаменттин отчетунда 6-августта Ошто Карасуу мечитинин имамы Мухаммадрафик Камалов өлүмгө учураганы айтылган эмес, кыязы ал окуя болгон учур отчетко кирбеген. Баарыга маалым имамдын өлүмү Карасуу жана Ош шаарларында чоң уу-дуу жараткан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы менен Өзбекстандын коопсуздук кызматтары уюштурган бул операция кийин ар кандай пикирлерди туудурган. Анткени Карасуунун имамы же эктремист деп айтылып жаткан адамдар менен мурдатан байланышы болгону же имам күч органдарынын копол операциясынын курмандыгы болгону ушуга чейин белгисиз бойдон калды.

Имамдын бир тууганы Садыкжан Камалов “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолоруна” келгенде бул окуядан улам мындай деген эле:

- Ош же жалпы түштүктөгү абалды канаттандырарлык деп айтууга болбойт. Мен “эми мени да атып кетеби”, деп азыр коркуп жүргөн молдолорду айтпай эле койоюн. Дин эле эмес, башка тармактарда дагы абал жакшы эмес.

Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаментинин отчетунда өткөн жылдын аягында Жалалабат шаардык билим берүү башкармалыгы мектепке хиджаб кийип сабакка келүүгө тыюу салганы да белгиленет.
XS
SM
MD
LG