Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын Сингапурда өтүп жаткан жылдык жыйынында Кыргызстандын каржы жана экономика министри Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын регионалдык вице президенти Шигео Катсу, башкаруучу директору Г. Вилер менен жолугушуп, Кыргызстандагы финансы-экономикалык кырдаалды, тышкы карыз маселесин талкуулады. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.