Депутат Өмүрбек Текебаевдин Польшада баңгизат менен кармалышынан улам келип чыккан бул маселени депутаттар өткөн жумада талкуулап, акыры парламенттик комиссиянын тыянагынан соң гана добуш берүү чечимине келишкен. Маңзат чатагын иликтөө боюнча парламенттик комиссия азырынча ишин толук аягына чыга элек, бирок депутаттардын талабына жараша иликтөөлөрдүн алгачкы жыйынтыгын бүгүн жарыяламакчы.